"Тамашоу" Лигасынын “No name” командасы “Ак калпак” кубогун жеңип алды

Бүгүн, 5-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын “Ак калпак” кубогу үчүн “Ак-Өргө city” менен “No name” командаларынын бетме-бет таймашы орун алды. Алып баруучулук милдетти аркалаган "Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев сахнага эки команданы чакырды. Алгачкылардан болуп эл алдына “Ак-Өргө city” командасы өзгөчө шаңдуу бийи менен чыга келди. Эрмек мырза эки командага ийгилик каалап, оюнду ачык деп жарыялады.

"Тамашоу" долбоорунан тапталып чыккан эки күчтүү команданын тиреши кызыктуу болду. Алар “Саламдашуу”, “Ким тапан?”, “Видеофристайл”, “Алфавит”, “Музыкалык номер” тапшырмалары боюнча оюн көрсөтүштү.

Бул кубокту жеңип алуу үчүн командалар бир айга чукул кызуу даярданышып, 100 пайыз жаңы сатиралары менен келишиптир. Тапан оюнчулардын номерлеринде азыркы тапта актуалдуу болуп жаткан эшек темасы куйкум тамашалар менен чагылдырылды.

“Ким тапан?” ташырмасы 3 бөлүктөн турду. Биринчисинде командалардын ар бир катышуучусунун шык-жөндөмүн билүү максатында экиден оюнчу чыгарылды. Анда бири ырдын үзүндүсүн аткарса, каршылашы аны күлкүлүү кайрыктар менен улантып турду. Күлкү жарата албай калганы сынактан четтетилип жатты. Бул сынакта “No name” командасынын жигиттери куйкум тамашалары менен озуп чыгышты.

Экинчи бөлүгүндө калыстар тобу суроо берип, боорду эзген жоопторду алышты. Үчүнчү бөлүгү оюнчулар үчүн күтүүсүз болду. Анткени аларга бул тапшырма тууралуу айтылган эмес. Тилинен чаң чыккан мырзалардын кара күчү аркан тартыш менен сыналып, “Ак-Өргө city” командасынын жигиттери утуп алышты.

Эл оозуна алынган таланттуу оюнчулардын өнөрүн “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, юрист Жоомарт Жолдошев, ырчылар Омар, Урмат Усенов, “Эмгек резерви” дене тарбия жана спорт боюнча республикалык борборунун мүдүрү Улан Эралиев калчашты.

Жыйынтыгында "Тамашоунун" 6-сезонунун чемпиону аталган “No name” командасы “Ак калпак” кубогун жеңип алды. “Ак-Өргө city” командасынын оюнчусу Кубанычбек, “No name” командасынан Садык “Мыкты оюнчу” наамдарына татыктуу болушту.

“No name” командасынын капитаны Мурат Жалиев: “Чындыгында, утабыз деп күткөн эмеспиз. Бул жеңиш күтүүсүз болду. Себеби эски курамдагы оюнчулар кетип, командага менин 2 шакиртим кошулган. Бирок 20 күндөй талыкпай даярданганбыз. Эң негизгиси, командабыздын күйөрмандарына уят болгон жокпуз”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (52)
Krasnyi.kg
2015-03-06 09:34:13
ОО молодцы no name Алга Алга Алга
+3
Eraly___
2015-03-06 09:42:12
Женишинер менен куттуктайм но нейм.
+3
admin_portal
2015-03-06 09:44:18
Бардык колдонуучуларга эскертүү!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Дагы кайталанса порталдан узак убакытка четтетилесиңер!
+2
mashaxan
2015-03-06 11:34:01
видеосун жуктоп койгулачы сураныч
+2
admin_media
2015-03-06 11:54:48
mashaxan, minchynar,
Саламатсыздарбы! Тилекке каршы видеорепортажы жок.
-3
Bakulya79
2015-03-06 13:15:56
Азаматсынар......
+3
kg.sity93
2015-03-06 13:19:42
видеосун жуктойсуздорбу??ноунейм алгааа..азаматсыздар..
+3
azimova90
2015-03-06 13:35:08
Урматтуу админ.но нейм командасында жалгыз ойногон кыз тууралу бир аз маалымат берип койосуздарбы.Аты жонун билбейт экемин.чоон рахмат.
+1
admin_portal
2015-03-06 13:46:24
azimova90, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Zarema94
2015-03-06 13:45:36
К0ро албагандар, туз жалагыла)
+2
ms.jiba
2015-03-06 14:34:23
чындыгында эле ойун кызыктуу болду ,эки комнадатен жакш даяданышыптыр .
+2
JUROK
2015-03-06 16:19:23
Куттуктайбыз
+2
BAYAW-KG
2015-03-06 18:59:47
Видео лорун качан чыгарат болду экен... чыдамсыздык менен кутом.... эки камандага тен ийгилик!!!
0
beknur9
2015-03-06 23:16:14
Kyrgyz jeri sop sonun kyilasynan Osh sonun.
0
zhykyo
2015-03-08 10:02:11
Жыргай беришет
0
altyn_kyz
2015-03-09 16:41:38
Экоо тен бири-биринен калышпаган эн мыкты командалар!!!
0
menedjer
2015-03-11 23:56:45
видеосун кутобууз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан