Биз социалдык тармакта

Краковдогу кол салууга шектүүнүн сөөгү жерге берилбейт

Польшанын Краков шаарында кол салуу уюштурган Михаил Оксинскийдин жакындары сөөгүн алып кетүү боюнча кайрылбаса, медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн, университетке өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, кылмышкердин ата-энесин жана эжесин жакындары жерге берип узатышкан, бирок Оксинскийдин сөөгүн алып кетүүдөн баш тартышкан.

Эске салсак, окуя ушул жылдын 7-ноябрында Краков шаарында болгон. 24 жаштагы эркек унаадан ок чыгарып, алты адам каза таап, 16 адам жаракат алган. Кол салган адам кармоо учурунда жаракат алып, эки күндөн кийин ооруканада каза болгон. Кийин анын үйүн тинтүү учурунда эжесинин жана ата-энесинин сөөгү табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан