Ош шаарында ири транспорттук түйүндүн курулушу кызуу жүрүүдө. Учурда курулуш аянтчасында көпүрөнүн балкаларын орнотуу иштери аткарылууда.
Ош мэриясынын маалыматына ылайык, 17-ноябрда шаар мэри Жанарбек Акаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Долбоордун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.
Долбоордун жалпы аянты 6603 чарчы метрди түзөт. Курулуш шаардын жол кыймылын жөнгө салууга жана унаа тыгындарын азайтууга багытталган.