"Өлкөдө тынчтыкты, ынтымактуулукту, жумушта урмат-сыйды, үй-бүлөдө аруулук менен мээримдүүлүктү камсыздай алган урматтуу аялзаты, сиздерди 8-Март майрамыңыздар менен куттуктаймын! Жаз, аялзаты жана сулуулук. Бул үч нерсе бири-бирин толуктап турат. Кемегеңиздердин оту бир эле үйдү эмес, бүтүндөй журтту жылытсын! Сиздердин чыдамкайлыгыңыздар, акылгөйлүгүңүздөр, түшүнүктүүлүгүңүздөр үй-бүлө менен кошо мамлекетти сактайт. Аялзатынын мээриминен көңүл нурдансын! Жаз майрамы жаркын маанай тартууласын!"
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы, КР ЖКнын депутаты Төрөбаев Бакыт Эргешевич.