Тарыхта таамай орду бар Аксы окуясына бүгүн, 17-мартта
13 жыл болду. 2002-жылдын 17-марты же каргашалуу жекшемби. Кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн эркиндик, чындык, калыстыкка умтулуп көтөрүлгөн Аксынын эли 6 азаматынан айрылган күн. Окуяны кыскача эске түшүрөлү:
Аскар Акаев президенттик бийлигин жүргүзүп турган мезгил. Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен сатылып кетишине кескин каршы чыккан Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты
Азимбек Бекназаров жалган жалаа менен айыпталып, 2002-жылдын 5-январында кармалып, камакка алынган. Аксынын эли өздөрү депутат кылып шайлаган уулунун күнөөсүз камалышына каршы кышы бою митинг, пикеттерди уюштуруп, бийликке өздөрүнүн талаптарын айтып турушту.

2002-жыл, 17-март. Бул күнү сот иштеринин адилетсиз жүргүзүлүп жатканына нааразы болгон Аксынын Кара-Суу, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач, Жаңы-Жол сыяктуу айылдарынан 2 миңдей адам чогулат. Топтолгон эл 3 топко бөлүнүп, бир тобу райондун борбору Кербенге, экинчи топ Таш-Көмүргө, үчүнчү топ Токтогулдагы сот процессине барып нааразычылык көрсөтмөкчү болуп жолго чыгышат. Тынчтык митингин өткөрүүнү көздөп, Кербенди көздөй жөө бараткан элди Боспиек айылынан аким баш болгон ОМОН, куралдуу милиция кызматкерлери тосуп чыгышат. Эл:
"Бизди коё бергиле, Кербенге барып өзүбүздүн мыйзамдуу талапты коюп, тынчтык митингин өткөрөбүз",- дейт. Райондук милициянын жетекчиси:
"15 мүнөттүн ичинде тарап кеткиле, кетпесеңер жаман болот",- деп элге талап коёт. Бул маалда эл тараптан укук коргоочу
Турсунбек Акун келип калып, акимдин жанына барып сөз сүйлөйүн дегенде аким аны түртүп жиберет. Эки милиция кызматкери аны кармап сүйрөп жөнөшөт. Эл толкуй түшөт. Жол тоскон ОМОНдор асманга карата ок чыгарышат. Эл дүрбөп артка качып, кайра "куру дүрмөт менен аткылап жатат" деп ойлоп, кайрылып келип милицияларды каптаганда ОМОНдор элди көздөй ок жаадырып киришет. Бир заматта алай-дүлөй түшүп, ондогон адамдар октун айынан жер кучактап кулап, кээ бири ошол жерден эле жан берет...
Белгилей кетсек, 13 жылдан бери каргашалуу окуяга күнөөлөнүп бир да адам жоопко тартыла элек. Аксы окуясынын катышуучулары, каза болгондордун жакындары, жаракат алгандар адилеттүүлүктөн үмүт этүүнү токтотушканын айтышат.

Аксы окуясында каза болгон
Эркиналы Четинбаевдин уулу
Ороз ошол кезде 8 жашта болсо, бүгүнкү күндө бир үйдүн түйшүгүн моюнга алган мырза болгон.
"Аксы окуясы болгон учурда мен 8 жашта элем. Андан бери убакыт өттү, азыр атамдын ишин улантып аары, мал багуу менен алектенип жатам. Жер иштетебиз, айтор, тиричилик өтүп жатат. Аксы окуясында курман болгондорго башында материалдык жардамдарды беришкен, электр энергиясы жана башка төлөмдөрдөн жеңилдиктер болот дешти, болгон жок. Мамлекетке жүгүмдү артууну жаман көрөм, андан көрө өз арабамды өзүм тартканым жакшы. Атанын ордун баары бир эч нерсе алмаштыра албайт да. Кээде атанын жардамына, кеп-кеңешине муктаж болом. Атам болгондо, балким, мен деле шаарда жогорку окуу жайдан билим алат белем деп кээде ойлоном",- дейт Ороз Эркиналы уулу.
Аксы окуясы – депутатты бошотуп алуу эле эмес. Бул – кыргыз өлкөсүндөгү авторитардык режимдин кулашы, эркиндик үчүн болгон күрөштүн алгачкы карлыгачы. Аны унутууга эч кимибиздин акыбыз жок.