Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу калайык калкым!
Сиздерди чыгыш элинин Жаңы жылы болгон, Улустун улуу күнү - Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Жаз менен кошо жаратылыштын жаңыруусун жар салган Нооруз сабырдуулукту, өз ара түшүнүшүүнү, кубанычты, тазаланууну, терең ишенимди, ынтымакты чыңдаган майрам. Жаңырган жыл жергебизге кут-береке, молчулук, токчулук алып келип, кыргыз жеринде өнүгүү, өсүү болсун! Ар бир үй-бүлөгө бактылуулук, бакубат жашоо каалаймын!"