Калк арасында чечилбеген маселелер көп. Азыркы тапта эл өзүнчө, бийлик өзү менен өзү турмуш кечирүүдө. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин Ысык-Көл районуна болгон сапарында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда ушул тууралуу сөз болду. Депутат жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип, арыз-муңун угуп кайтты.
Район тургундары "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевден буга чейин чечилбей келген маселелерин чечип берүүнү өтүнүштү. Ал эми партиянын төрагасы алардын көйгөйлөрүн угуп, элдин тынчын алган маселелерин чечип берүүнү убада кылды.
"Эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жоюу зарыл. Өлкөбүздүн парламентинде элдин өкүлдөрү болуусу шарт",- деди Б.Төрөбаев.