Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт
Төрөбаев: “Бүгүнкү парламент коалициялык кризисте экени даана көрүнүп
турат”,- деп билдирди. Депутат өз сөзүндө көпчүлүктү түзгөн коалициянын "Кумтөр" боюнча бирдиктүү позициясы жок экенин, ал тургай коалициялык көпчүлүк бул маселени талкуулаганга чогулбаганын белгиледи.
Төрөбаевдин айтымында, көпчүлүк коалиция жоопкерчиликтен качпай, өкмөттү отставкага кетирип же көпчүлүк коалициянын курамын өзгөртүшү зарыл экенин айтты. "Өкмөт парламенттин токтомун аткара алган жок. Биз эки жылдан бери "Кумтөр" маселесин чече албай келебиз. Эгер азыркы коалициялык көпчүлүктү алмаштырбасак, бул маселени чече албайбыз”,- деди Б.Төрөбаев.