7-майда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) май айына карата рейтинги жарыяланды. Аталган уюмдун расмий сайты кабарлагандай, анда кыргыз мамлекетинин футбол боюнча улуттук курама командасы 209 мамлекеттин ичинен бул айда да 153-орунду ээлегенин көрүүгө болот. Тактап айтканда, апрелде жарыяланган рейтингде да улуттук курамабыз ушул орунду ээлеген. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде улуттук курам 26-орунда турат.
Дүйнөлүк рейтингдин башкы сабында учурдагы Дүйнө чемпиону Германия курамасы турат. Алдынкы ондукта болсо Аргентина, Бельгия, Колумбия, Бразилия, Голландия, Португалия, Уругвай, Швейцария жана Испания курамалары бар.