Футбол боюнча улуттук курама эл аралык рейтингде 108-орунду ээлеп, өз тарыхында жаңы рекорд жаратты

Бүгүн, 3-декабрда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтинги жаңыланды. Ноябрдагы көрсөткүчтөргө карата жаңыланган рейтингде Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы 16 орун алдыга жылып, 108-орунду ээледи. Карамагындагы упайлардын санын 324кө жеткирген курамдын тарыхында бул рекорддук көрсөткүч (буга чейинки рекорд 2006-жылы августта катталып, анда курам 119-орунду ээлеген).

Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда биздин курам менен бир тайпада жайгашкан курамдарга токтолсок, Австралия курамасы 57-орунду ээлесе, Бишкекте жеңилүү ызасын тарткан Иордания 87-орунду ээлеп турат. Ал эми Тажикстан курамасы 148-орунду камсыздаса, Бангладеш 182-орунда жайгашкан.

200дөн ашык мамлекеттин улуттук курамаларынын рейтингинде алдынкы үчтүктө Бельгия, Аргентина жана Испания курамалары бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ruslankg
2015-12-03 17:41:23
Буйруса кийинки сезондо жуздонда которулот
+1
bazarkyl
2015-12-03 17:49:15
ruslankg, жүздөн түшкөнү жакшы го дейм досум.
+8
bazarkyl
2015-12-03 17:42:17
Жакшы жанылык үчүн Максатка рахмат айтып койгулачы.
+3
Urmat-1989
2015-12-03 17:47:17
Жакшы жанылык
+2
Patriot...kg
2015-12-03 18:31:39
Куда калааса Озбектергге да жетебиз
+4
bolotbai3
2015-12-03 18:47:24
Буюрса кийинки жылдары Кыргыз командалары жалан негр же орус улутунан болуп калышат.
+1
briliant87
2015-12-03 19:21:24
Кубанычымды тен болушом.
+3
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-03 21:21:29
Жакшы баары аракет кылгыла... 108 ге түштүк жетет деп. Аракети жоготуп салбагыла.кааларыбыз 108тен көтөрүлбөгүлө, кийинки жылы 100 гө түшүп. Бизди бир сүйүнүндүрүп койгулачы
+2
balzak
2015-12-04 08:43:44
азаматсынар, Кыргызстан алга!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан