“Ата Мекен” социалисттик партиясы “Аалам” партиясынын өкүлдөрүнүн жана лидери А.К.Малиевдин үстүнөн тиешелүү органдарга доо арыз жазат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“2015-жылдын башынан бери “Аалам” партиясынын лидери жана партиянын өкүлдөрү “Ата Мекен” партиясы тууралуу такталбаган маалыматтарды таратышууда. Бул нерсе “Ата Мекен” партиясынын аброюна шек келтирип жатат. “Аалам” “Ата Мекен” партиясын каралоо үчүн атайын баракчаларды чыгарып, маалымат жыйындарын өткөрүүдө. Ал үчүн 10 миңдеген доллар акча каражатын сарпташат. Жогоруда айтылгандарга ылайык, “Ата Мекен” бул боюнча сот органдарына доо арыз жазуу чечимин кабыл алды”,- деп айтылат маалыматта.