"Ата Мекен" социалисттик партиясы "Акипресс" маалымат агенттиги 6-майдан 6-июнга чейин жүргүзгөн "2015-жылдагы парламенттик шайлоодо сиз кимге добуш бересиз?" деген сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча 1-орунга чыкты.
"Ата Мекен" партиясынан кийинки орундарга "Бир бол", "Өнүгүү-Прогресс" партиялары куушуп келишти. Бардыгына каршы добуш бергендер 3-орунга чыкса, бийликтин партиясы КСДП негедир бул жолу 5-орунда калган. Албетте, кайсы учур болбосун, бийликте турган партиянын рейтинги дайыма ушундай абалга туш болушу мүмкүн. Бирок антейин десең, "Ата Мекен" партиясы да бийликте отурганына карабай 1-орунга чыкты. Себеби эмнеде? Демек, калк партиялардын ишмердигине, жасап жаткан ишине, чынчылдык жана убадага бектигине, принциптүүлүгүнө жараша баалаганды үйрөнгөн. Мындан тышкары "Ата Мекен" партиясы партиялык системинин пайдубалын бекемдеп, республиканы түрө кыдырып конференцияларды өткөрүп, шайлоочулар менен жолугушуп, көйгөйүн уккан жападан-жалгыз партия болгондугу үчүн да элдин сый-урматына ээ болуп отурат. Ушундай аракеттер, чечкиндүү кадамдар элдин таламын биринчи орунга коюп келаткан "Ата Мекен" социалисттик партиясынын кадыр-баркын көтөрүп, 1-орунга чыгуусуна шарт түздү.