"Ата Мекен" партиясынын Талас облустук уюмунун партиялык конференциясы аяктады. Аталган жыйынга партиянын жана Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, вице-спикер Асия Сасыкбаева, депутаттар Болот Шер, Бактыбек Калмаматов, экс-юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, Талас облусунун экс-губернатору Койсун Курманалиева, партиянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн төрагасы Камалдин Токтосартов катышты.
Талас шаарындагы стадионго жык толгон таластыктар четинен сөз алып, партиялык түзүлүш, социалдык-экономикалык маселелерге кеңири токтолушту. Элдин жашоо-тиричилигин "Ата Мекен" социалисттик партиясы сыяктуу күчтүү партиялардын жардамы менен чечүү жактарын келген коноктор менен кеңири талкуулашты. Аймактагы "Жер-Үй" кенин иштетүүдө адамдарга, жандуу жаратылышка зыян алып келүүчү цианидди эмес, жүгөрүнүн ширесин иштетүүнү депутат Болот Шер баш болгон таластыктар сунуш кылышты.
Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" кенин иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы кыргыз өкмөтүн кол жоолуктай алмаштырганын, эки парламентти кетиргенин айтып мындай деди: "Кыргыз премьерлеринен биринчи болуп "Аткинсонду ("Центерранын" президенти) алмаштырамын" деген Жоомарт Оторбаевди да Аткинсондор алып түшкөнгө жетишти. Мына эми жаңы бекиген өкмөт кайрадан алардын кол жоолугуна айланып бараткандай. Аткинсон сыяктуулар "Биз алтынды жер алдынан казбайбыз, кымбатка түшөт экен. Бизге мөңгүлөрдү талкалап иштөөгө шарттарды түзө турган мыйзам кабыл алып бергиле" деп өкмөткө, парламентке тиш кайрап отурат.
Биздин партиянын туусун карагыла, анда ак мөңгүлүү Ала-Тообуз шаңкайып турат. Мөңгүлөрдү коргоо - ыйык милдетибиз, анткени мөңгү - кол тийгис байлык.
Эми "Жер-Үйдү" иштетүүчүлөр пайда болушту. Булар да мыйзамдарды өзгөртүүгө аракет кылып, "болбосо парламентти таратабыз" деп чыгышат. "Жер-Үйдү" дагы "Кумтөр" сыяктуу күрөшсүз кармата берсек, ал биз үчүн кечиримсиз, анткени "Ата Мекен" - күрөштүн, жеңиштердин жана келечектин партиясы.
"Кумтөр" ушул күнгө чейин массалык маалымат каражаттарын сатып алып, "Ата Мекен" партиясын элге жаман көрсөтүү максатында жазылган маалыматтарды таратып келет. Компания бул аракеттери менен биздин коомду жикке бөлүүдө. Ошондуктан биз баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бирдиктүү, ынтымактуу болгонубузда гана ийгилик ачкычы колубузда болот.
Биздин Щвейцарияда алтындарыбыз жок. Биздин байлыгыбыз ак мөңгүлүү тоолорубуздун астында катылып жатат. Биз ал байлыктарыбызды, алтындарыбызды келечек муундарга калтырышыбыз керек. Келечек биздин колубузда!"
"Ата Мекен" партиясынын Талас облустук партиялык конференциясы аягына чыгып, Талас эли өз уулдары Садык Шер-Нияз, Дуулат Турдуналиев, Рина Шүкүралиева, Сагынбек Жаманкулов, Улан Ниязбеков, Бектур Базакечев, Мухтарбек Айткуловду "Ата Мекен" партиясынын атынан күздө өтүүчү парламенттик шайлоого аттантуу чечимине келди.