17-июнда КРнын Жогорку Кеңешинин 71 депутаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү даярдап келген "КРнын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбооруна 1-окууда "макул" деп добуш берди. Депутаттар добуш берүү менен "Кумтөр" кениндеги Давыдов мөңгүсүн жылдыруу аркылуу алтын кенин чапчып ачык казууга шарт түзүп, мыйзамдаштырып беришти.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча өз оюн төмөндөгүчө билдирди: "Кумтөр" маселесинде өлкөбүз өз кызыкчылыгын уттуруп жатат. Кечээ дагы депутаттар Давыдов мөңгүсүн талкалап алганга уруксат беришти. Кыргыз жерин чет элдик компаниялар башкарып жаткан шартта "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүнү баштап жиберүү - бул тобокелчилик жана жоопкерсиздик. Ошондуктан "Кумтөр" маселеси кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына адилеттүү чечилмейин, "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө каршымын!"- деди эл өкүлү.
Мыйзам долбоорунун биринчи окуудан өтүшүнө "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары толугу менен, башка фракциялардын кээ бир депутаттары кошулганда 33 депутат "каршы" деп добуш берди.
Эскерте кетсек, "Ата Мекен" фракциясы өзүнүн ушул жылдын 22-майындагы жыйынында аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизбөө сунушун билдирген. Ошол жыйындын жүрүшүндө "Кумтөрдө" буга чейин 77 миллион куб метр мөңгү талкаланганы, азыр дагы 18 миллион куб метр мөңгүнү талкалоо долбоору иштелип чыккандыгы белгилүү болгон.