Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Анда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков: "Биз, "Ата Мекен" фракциясы, бүгүнкү каралып жаткан Суу кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамга каршы добуш беребиз. Зарыл болсо, биз элди аралап бул мыйзамдын маани-маңызын түшүндүрөбүз.
Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды каршы добуш берүүгө чакырабыз. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мамлекеттик деңгээлдеги документтерди алып келгендин ордуна, кайдагы бир кагазды көтөрүп келип, ушул жерде отурган 120 депутаттын башын айландырууда",- деди.
Буга чейин аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев, фракциянын жаш
депутаты Жоомарт Сапарбаев 2 күн катары менен “Кыргыз Республикасынын Суу
кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна байланышкан
маселелердин айланасында атайын маалымат жыйындарын өткөрүп, мыйзамдын маңызын
журналисттерге түшүндүрүп беришкен.