Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланды.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Уланбек Нуркулов республиканын аймагындагы дарыканаларда дарылардын баалары ар түрдүү жана кымбаттыгын белгиледи.
"Биздин жарандарыбыз дарыгер жазып берген дарыларды кымбаттыгына карабай алууга аргасыз болушууда. Өлкөдөгү дары саясатын, аларга коюлган бааларды жөнгө салуу жагын карап чыксаңыздар, элге жакшы болот эле",- деп саламаттыкты сактоо министринин орун басарына кайрылды.
Ошондой эле депутат Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк кардиология бөлүмүнө чет элден келген 1,5 миллион долларлык кымбат баалуу жабдуу абдан начар жерде сакталып тургандыгын айтып, жабдуулар качан орнотуларына кызыкты. Министрдин орун басары азыр бул багытта иш жүрүп жатканын айтып, жабдуулар жакын арада Түштүк кардиология бөлүмүнө коюлуп, 1-сентябрдан тарта элди тейлей баштаарын билдирди. Жүрөк-кан тамыр оорулары күчөп турган азыркы абалда аталган жабдуунун тез аранын ичинде орнотулушу түштүк эли үчүн чоң белек болорун депутат баса белгиледи.