КСДП фракциясынын лидери күтүлбөгөн жерден эле Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү добуш берүүдөн алып салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Ал "мөңгүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылгандан кийин кайрылуу керек" деп жазат кайрылуусунда. Бул депутаттын аргументтери мени таң калтырды. Ал азыр чындап эле Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндөгү кырдаал башка эч убакта кайталанбай турган чечим табуу керектигин айтып жатат.
"Бул кайрылуу таң калууну жаратат. Кечээ эле "мөңгүлөрдү эмне кылсаңар ошо кылгыла, эң башкысы, "Центерра" таарынбаса болгону" деген ойдо сүйлөп, добуш берип жатышкан. Бүгүн болсо жаратылышты көкүрөгү менен тосуп коргоп жатканы таң каларлык. Бул өзүнүн жүзүн сактап калуу үчүн жасалган саясий эки жүздүүлүкпү? Көрсө, "Ата Мекен" партиясынын көп жылдардан бери "Кумтөрдү" тартипке келтирип, бул кендин үстүнөн мамлекеттин ээлигин калыбына келтирүү керектигин айтып күрөшүп жүргөнү "популизм" экен да, ал эми 2 күндүн ичинде көз карашын карама-каршы тарапка өзгөртүү "жогорку жоопкерчиликти көрсөтүү" экен..."- деди Туратбек Мадылбеков.
Бул багытта "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн позициясын байма-бай түшүндүрүп келди. Өткөн жумада эле ал маалымат жыйынын өткөрүп, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жападан жалгыз чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгында киргизүү дүйнөлүк саясий практикада болуп көрбөгөн окуя экендигин түз айтты. Лидердин бул позициясын көзгө илбей коюу мүмкүн эмес эле. Кашкайган аргументтердин алдында өкмөттүн, аны колдогон депутаттардын карманган позициялары шоона эшпей калды. Натыйжада аталган маселенин каралышы аныкталбаган мөөнөткө жылдырылганын билдирген жогорудагы билдирүү пайда болду. Биздин балдардын жана неберелердин келечеги болгон жаратылышыбыз саясий оюндардагы теңге сыяктуу ойнолбошу керек. Муну өзүнүн көз карашын келип-кетчү кызыкчылыктарга алмаштырганды жакшы көргөндөр бекем эсине сактап калышын өтүнөбүз.