Темир Сариев жетектеген өкмөттүн канадалык “Центерра” компаниясынын кызыкчылыгы үчүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташы чоң талкууну жаратты. Каникулга кетүүгө даярданган парламенттин “тил алчаак” айрым депутаттарын кысымга алып, аталган мыйзам долбоорун экинчи окуудан өткөрүүгө жетишкен өкмөттүн аракети келечек үчүн коркунуч туудурмак. “Ата Мекен” партиясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаев бул аракеттерге катуу каршы турду.
“Биздин өкмөттү 20 жылдан бери Канаданын алтын казган компаниясы башкарып алган. Алар бүгүнкү Темир Сариев жетектеген өкмөттү да өздөрү каалагандай калчап жатканын өкмөт сунуштап жаткан Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунан эле билсек болот. Бүгүнкү өкмөт мүчөлөрү 3 айлык кызмат орундарын сактап калыш үчүн кыргыз элине кыянаттык кылып, элдин, өлкөнүн эле эмес, адамзаттын байлыгы болгон мөңгүлөрдү сактоого каршы мыйзамдык жолду чаап жатышат”,- деген Өмүрбек Текебаев кыргыз өкмөтүнүн мындай аракетин кескин айыптады.
Мындан тышкары партия лидери айрым кесиптештерин элге кыянатчылык жасабоого чакырды.
Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков: “Биз өкмөткө Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү кабылган кырдаалга кыргыз өлкөсүнүн башка мөңгүлөрү эч убакта туш болбой тургандай чечим кабыл алуу зарылдыгын айттык. Мындан ары эч ким өзүнүн күнүмдүк кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдү садага чаба албай тургандай болушу керек. КСДПнын пикири боюнча, азыркы мыйзам долбоору буга кепил боло албайт деген чечимге келдик. Ошондуктан КСДПнын атынан бул мыйзам долбоору үчүн биз добуш бере албасыбызды расмий билдирем”,- деди.
Буга чейин "Мөңгүнү ордунан жылдырууга уруксат берилбесе, 6-июлдан тарта "Кумтөр" өз ишин токтотот. Ал эми мөңгү ордунан жылганын токтотпойт жана карьерди басып калат. Ошондо экологиялык катастрофа башталат" деп эл өкүлдөрүн ынандырууга умтулган өкмөт өкүлдөрү бул окуядан кандай жыйынтык чыгарары белгисиз.