“Ата Мекен” социалисттик партиясы социалдык маселелерге такай кайрылып келе жаткандыгы Ош шаарында болуп өткөн конференцияда баса белгиленди. Өлкө аймагындагы көйгөйлүү маселелердин бири - турак жай маселеси курч турат. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев: “Кыргыз Республикасында 300 миң үй-бүлө үйсүз, жадакалса өлкөдө турак жай боюнча мамлекеттик программа дагы жок. Мындай чечүүнү талап кылган маселелер “Ата Мекен” партиясынын учурда алдыга койгон милдеттеринин бири”,- деди.
Ошондой эле партия лидери Ош шаарынын кечээки, бүгүнкүсүнө кайрылып, шаардын адам укугун сактаган, улуттар биримдигин чыңдаган, заманбап экинчи борбор болушуна “Ата Мекен” партиясынын буга чейин салым кошуп келгенин жана мындан ары дагы мыкты аракеттерди көрүшүнө ишеним билдирди.
Конференциянын жүрүшүндө "Улуттар биримдиги" элдик партиясынын Ош шаардык кеңешинин фракция жетекчиси, генерал Рыспек Мырзаматов куттуктоо сөзүн сүйлөп, конференциянын катышуучуларын жана шаар тургундарын "Улуттар биримдиги" элдик партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматовдун кайрылуусу менен тааныштырды. Кайрылууда "Улуттар биримдиги" партиясы менен "Ата Мекен" партиясы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу кол коюунун негизги себептери айтылган. Иш-чарада партиянын мүчөлөрү дагы өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык тармактары боюнча ойлорун ортого салып, айрымдары өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.