Бүгүн, 7-июлда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйынын өткөрүп, фракция 5 жылда аткарган иштерге, жазылган мыйзамдарга жана парламентаризмдин биздин коомдогу ордуна кеңири токтолду.
Фракция 5 жыл ичинде 171 жолу жыйын өткөрүп, парламентке 324 мыйзам долбоорун киргизсе, анын 132си кабыл алынган. 30 миңден ашык жарандын каттарына жооп берилген. 40 миңден ашык адам коомдук кабылдама аркылуу кабыл алынган.
"Бүтүндөй Европа өлкөлөрү Кыргыз Республикасын парламентаризм өнүгүп бара жаткан өлкө катары сыйлашарын билдиришти. Жакында эле БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун келип, Кыргыз Республикасында жакшы демократиялык өзгөрүүлөр жүрүп жатканын, туура жолду тандап алганыбызды белгилеп, ийгилик каалап кетти. Өзбекстан жогору жактан демилге көтөрүп, парламенттик системге өтүп жатат. Ислам Каримов акырындап бийлик тизгинин парламент менен өкмөткө өткөрүп бергенге даярданууда. Жакында Нурсултан Назарбаев дагы КМШ өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугушуусунда бийликти парламент менен өкмөткө берүү керектигин айтты. Ошентип, Каримов менен Назарбаев дагы кыргыз тажрыйбасын эске алып, мамлекетинин саясий системин өзгөртүүгө аракеттенип жатышат. Мына ушунун өзү эле парламенттик башкарууга багытталган жолубуз тарыхый жактан туура экендигинин эң сонун далили. Кошуна мамлекеттердин биздин тажрыйбага таянып жатканы биз үчүн сыймык",- деди Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Партия лидеринин айтымында, "тулпар тушунда" дегендей, ар бир парламентке тарых өзүнчө сыноолорду койгон. "5-чакырылыштагы парламент дагы тарыхый
кырдаал ага жүктөгөн милдетти татыктуу аткарды деп ойлоймун",- деп кошумчалады Ө.Текебаев.