Быйыл шайлоо кампаниясы жарым жыл мурун кээ бир партиялар тарабынан кымбат баалуу билборддорду республиканын аймагына илүү, жер-жерлерде улак тартыш оюнун уюштуруу менен башталса, азыр массалык түрдөгү ооз ачыруулар менен улантылууда. “Ата Мекен” социалисттик партиясы шаан-шөкөттөрдөн алыс болуп, эл менен гана жолугушууларды өжөрлүк менен өткөрүп, мыйзамдын талаптары менен иштеп жаткан жалгыз партия.
11-июлда “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облустук уюмунун конференциясы болуп өттү. Делегаттардан сырткары катышууну каалап келгендер Барпы театрынын залына батпай турду. Конференцияда сүйлөгөн партиянын лидери Өмүрбек Текебаев партиялык принциптерге, коомубуздагы абалга токтолуу менен бирге Кыргыз-Кытай темир жол көйгөйүнө токтолуп: “Кытай-Кыргыз темир жол курулушу 3-4 жылга кармалды. Темир жол Эркеч-Там аркылуу Тажикстанга өтүп кетерде “Ата Мекен” партиясынын 2 жылдык тынымсыз аракеттеринин натыйжасында темир жол Торугарт менен бүт кыргыз жерин аралап, Жалал-Абад аркылуу өтө турган болду. Бул маршрут Кыргыз Республикасынын түндүк-түштүгүн бириктиргенге шарт түзөт. Темир жолдун курулушу менен өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлөт. Ошол эле учурда Жалал-Абад шаары ири логистикалык борборго айланат жана Бишкек, Ош шаарларындай ири экономикалык жана маданий борбор болот. Натыйжада өлкөнүн соода-экономикалык саясаты эч кимге көз карандысыз деңгээлде эркин өнүгүшүнө шарт түзүлөт”,- деп кошумчалады.
Конференция Жалал-Абад шаарынын үстүндөгү адырдын бийик жерине кыргыз туусун орнотуу менен башталды. Жыйындын жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев, Талант Узакбаев, Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясынын катарында күзгү парламенттик шайлоого барышарын билдиришти. “Кыргызстан коммунисттери” партиясы бизди колдоорун билдирсе, “Улуттар биримдиги” элдик партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Акулов партиянын лидери Мелис Мырзакматовдун кайрылуусун окуп берди",- деди партиянын облустагы координатору Алмаз Мустапакулов.
Жыйындын аягында партиянын мыкты өкүлдөрүнө Өмүрбек Текебаев Ардак баракчаларды тапшырды жана облустук уюмдун ишине жогорку баасын берди. Жакынкы күндөрү партиянын Бишкек шаардык, Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Баткен облустук уюмдарынын партиялык конференциялары күтүлүүдө. Андан кийин “Ата Мекен” социалисттик партиясынын курултайы өтөт.