Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков баштаган өкүлдөр, Жалпы аскердик кыймылдын генералдары, офицерлери дүйнөдөгү жана аймактагы курч саясий-аскерий абалды талкуулоо үчүн чогулушту.
Аталган саясий уюмдардын позицияларынын дал келгендигине байланыштуу стратегиялык өнөктөш катары күзгү парламенттик шайлоо учурунда жана андан кийин дагы өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызматташары белгиленди. Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев: "Биз дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук маселелерин талкууладык. Биздин позицияларыбыз дал келгендигине байланыштуу күз айларында өтүүчү парламенттик шайлоолор учурунда жана андан кийин дагы кызматташуу боюнча келишимге кол койдук",- деп билдирди.
Эки партия биргелешип кабыл алган билдирүүнүн маңызы төмөндөгүчө:
"Өзүн демократиялык жана укуктук мамлекет деп эсептеген ар бир өлкө эң алды менен элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керек. Негизги максат - адамдардын коопсуздугун жана туруктуу жашоо-тиричилигин сактап, соттук акыйкаттык жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн күрөшүү. Акыркы мезгилдерде өлкөбүздө үй-бүлөлүк-кландык коррупцияланган режимдерди жоюуда, парламентаризмдин жана элдик бийликтин принциптерин киргизүүдө бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү маалым болду. Конституциялык реформа жүргүзүлүп, коррупция жана криминалитетке каршы аёосуз күрөш жарыяланды. Бирок азыр да авторитаризм, регионализм, кландык бөлүнүүлөр жана өлкөнү бөлүп-жарууга карата жасалган аракеттердин кайрадан келүү коркунучу бар. Мындан тышкары мамлекеттин бүтүндүгү жана өнүгүүсү үчүн жаңы коркунучтар пайда болууда: эл аралык терроризим жана экстремизм, чек арадагы чыр-чатактар, уюшкан кылмыштуулук жана маңзат менен соодалашуу. Коррупция жана бийликтин криминалитет менен биригип кетиши мамлекетти ичинен жеп, демократия жана эркиндикти мокотот.
Элдин мээнети менен келген жеңиштерин колдон чыгарбай
жана коомдун жашоосунун демократиялык негиздерин мындан ары улантуу, пайда боло
калуучу коркунучтарга каршы туруу, мамлекетибиздин
гүлдөп-өсүшү, өлкөнүн бүтүндүгүн
сактоо максатында "Ата Мекен" партиясы жана Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы мындан ары стратегиялык
өнөктөш катары кызматташуу боюнча билдирүү жасашып, атайын келишимге кол
коюшту. Аталган келишимге кол койгон эки
партия 5 негизги пункттан турган кызматташууну ишке ашырышат. Мамлекетибиздин
аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, өлкөнүн маалыматтык аймагын коргоо, уюшкан
кылмыштуулук, коррупция, терроризм жана бандитизм менен күрөшүү алардын
негизгилери". Ошондой эле аталган келишим боюнча эки партия "Коом бийликке
эмес, бийлик коомго кызмат кылат" деген принциптерге бекем берилгендигин
билдиришти. Алардын пикири боюнча, эгер кимдир бирөө бийликке жетип алып өзүн гана ойлосо, коом мындай
жат адамдардан кутулушу керек.
Билдирүүдө: "Биздин партиялар кыргыз элинин рухунун жана биримдигинин жалпы пайдубалында турат. Биз бир элбиз. Ошондуктан өлкөбүздүн калкы улутуна, динине жана дилине карабай бир кеменин ичинде алыска сүзүүгө чыккан адамдарды элестетет. Элдерибиздин ынтымак-ырашкерлиги - эртеңки келечекке ташталган чекиндүү кадам",- деп айтылат.
Тигил же бул партиялардын бир стратегиялык биримдикке кошулуп жатышын өлкөдөгү социалдык, саясий жана стратегиялык кызматташуулардын пайдубалын негиздеп, эгемен өлкөбүздүн бекем келечегин түптөп жаткан акт катары кароо керек. Элдин аң-сезимин, коомдун күрөө тамырын кармап билүүдө, күз айларында өтүүчү парламенттик шайлоолордун алдында түзүлүп жаткан бул келишим кыргыз коомчулугу үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет.
Буга чейин "Ата Мекен" социалисттик партиясы "Улуттар биримдиги" элдик партиясы, Үй куруучулардын саясий биримдиктери менен ушундай эле стратегиялык келишимдерге кол коюшкан. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымына караганда, мындай келишимдер алдыда дагы күтүлүүдө. Бул "Ата Мекен" партиясынын коомчулуктун алдындагы кадыр-баркынын мурдагыдан да өсүп бараткандыгынан кабар берет.