Аксы районунун Кербен шаарындагы унутта калган эстеликтин тургузулганына жакында бир жыл болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.
“Кербен шаарында унутта калган эстелик бар. Анын тургузулганына жакында бир жыл болот, бирок бул кайсы баатыр экенин көпчүлүк билбейт, анткени аты-жөнү жазылган эмес. Жадакалса постаментиндеги тактайлар да алынбаган. Бул эстеликти шаар мэри унутуп калса да, район акими унутпаса керек, анткени эстелик акимдин иш бөлмөсүндөгү терезеден даана көрүнүп турат”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.