Бүгүн, 28-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров боюнча өтүп жаткан сот ишинде жактоочу Икрамидин Айткулов Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жылдызбек Исмаиловду кайрадан суроону жана башкы прокурор Аида Салянованы сотко чакырууну суранды. “Жылдызбек Исмаилов келип сурак бериптир, бирок ал сот отурумунда мен жок болчумун, ошол себептен мен аны кайра суроону өтүнөм. Ал эми Аида Салянованы сот ишине кошумча күбө катары суралышын көптөн бери өтүнүп келем, анын келишин камсыз кылып бериңиз”,- деди жактоочу. Сотко төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов тергөөчү Исмаилов сот ишинде кайрадан сураларын, бирок башкы прокурор Аида Салянова сотко келбей турганын айтты.