Биз социалдык тармакта

“Жолдошум менен уулумдун мамилеси азыр…” Ырчы Үмүтай Абдышова менен маек (видео)

Super.kg порталынын кезектеги каарманы – маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Үмүтай Абдышова болду.

Маек учурунда ырчы айым жеке жашоосу тууралуу да ачык айтып, учурда үй-бүлө куруп, наристе күтүп жатканын билдирди.

Үмүтай Абдышова чыгармачылыктан бир аз алыстап, жеке жашоосуна көңүл бурганын жана учурда кайрадан чыгармачылыкка жаңы дем менен кайтып келе жатканын айтты. Ошондой эле жолдошу уулунун да, өзүнүн да чыгармачылыгына көрсөткөн колдоосу тууралуу сөз кылды.

“Назик болуп, желкемдеги жүктү жолдошума артып, бактылуу жашап жатам. Мага бир инсандын сүйүктүүсү болгон жарашты окшойт”, — дейт Үмүтай Абдышова.

Ырчынын жеке жашоосу, чыгармачылыгы жана келечектеги пландары тууралуу толук маекти Super.kg YouTube каналынан көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан