Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев латын графикасындагы өзбек алфавитин өркүндөтүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиеева билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, жаңы мыйзам жарыялангандан күндөн алты ай өткөн соң күчүнө кирет.
"Ага ылайык, алфавиттеги айрым тамгалар өзгөртүлүп, буга чейин 26 алфавит болсо, эми 28 алфавит жана бир апострофтон турат. Ага ылайык, окуу китептери жана жол көрсөткүчтөр акырындык менен жаңыланат. Буга чейин берилген документтер жарактуу бойдон калат", - деп белгиленди маалыматта.