Кечээ, 22-октябрда Бишкек шаарындагы Курманжан Датка жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде автобус 4 унаа менен кагылышкан жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматы маалымдагандай, автобустун айдоочусу аталган кесииште солго бурулуу учурунда KIA Morning жана Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаалар менен сүзүштү. Андан соң автобустун айдоочусу рулдук башкарууну жоготуп, BYD үлгүсүндөгү, Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып токтогон.
Кырсыктын кесепетинен KIA Morning унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди. Ошондой эле Hyundai Sonata жана BYD үлгүсүндөгү унааларынын айдоочулары денесинен жеңил жаракат алышты.
Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.