Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга баңгизат ташып келүүгө жана өлкө аймагында таратууга шектелген топтордун адамдары кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Атайын кызмат алар өлкө аймагынга баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенип келишкенин белгиледи. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 15 миллион сомдон ашкан баңгизаттар (мефедрон аттуу синтетикалык баңгизат, гашиш жана марихуана) алынган. Натыйжада төрт шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилишкен.