Бүгүн, 28-февралда ЖКда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталя Никитенко Кыргызстандагы мектептер менен бала бакчалардын 70 пайызы катуу жер титирөөгө туруштук бере албай турганын айтты. “Биз дайыма жаңы мектептерди куруу зарылдыгы тууралуу айтып келебиз, бирок алардын абалына көңүл буруу маселесин унутуп калдык. Бул иштер боюнча адистер изилдөө жүргүзүп, аталган мекемелерде кооптуу абал көп экенин аныктаган. Бул боюнча өкмөт иликтөө жыйынтыгы менен таанышып чыгып, өлкөнүн сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча программа иштеп чыгуусу зарыл”,- деди депутат.