Бишкекте мыйзамсыз илинген 42 даана көрнөк-жарнак алынды

27-февралда жүргүзүлгөн рейд учурунда борбор шаардын көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 42 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Рейд учурунда Байтик баатыр, Горький, Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүндөгү жарнактар алынды. Рейд “Тазалык” ишканасынын, Бишкек шаардык Жарнама департаментинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Айта кетсек, мындай иш-чаралар мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун негизинде уюштурулууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан