Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бүгүн, 28-февралда саат 10:00 чамасында Бишкектин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Үч эмдин энеси 29 жаштагы Нарын облусундагы Кочкор айылынын тургуну. Төрөт операция жолу менен болуп, 1 уул, 2 кыз жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлар 2 килограмм 200 грамм салмакта төрөлгөн. Маалыматка таянсак, учурда ымыркайлардын абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан