23-апрелде “Бишкек-Астана” аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Air Astana” авиакомпаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, билеттин болжолдуу баасы 14 миң сом болмокчу. Каттам шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү Астанадан Бишкекке саат 21:45те учуп турат. Ал эми Бишкектен саат 02:35те учат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек-Алматы аба каттамы иштейт.