2012-жылы 19 жаранга сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канат Турганбеков билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы 16000 административдик иш каралган, бул 2011-жылга салыштырмалуу 11 пайызга көптүк кылат. Турганбеков мындан сырткары 3388 адам шарттуу түрдө кесилгенин кошумчалады.