Бишкектеги М.В.Фрунзенин үй музейи оңдоого муктаж

Борбор шаардагы М.В.Фрунзенин үй музейи толугу менен оңдоого муктаж. Мындай маалыматты бүгүн, 28-февралда парламент жыйынында Маданият, туризм жана маалымат министринин милдетин аткаруучу Кожогелди Кулуев билдирди. “Бул музей оңдоону талап кылат. Учурда чатыры авариялык абалда тургандыктан, ичиндеги баалуу экспонаттарды жоготуп алуу коркунучу бар”,- деди Кулуев. Ошондой эле Мамлекеттик тарых музейи баш болгон өлкөдөгү көптөгөн музейлердин абалы начар экенин кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан