2013-жылы Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушуна 2 миллиард 472 миллион 56 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Мамлекеттик курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттигинин коллегиялык жыйынында аталган агенттиктин башчысы Каныбек Нарбаев айтты. Айтымында, быйыл биринчи кезекте табигый кырсыктардан жабыркаган мекемелер курулуп баштайт. Ошондой эле Түркия берген насыянын эсебинен билим берүү тармагында 20 мекеме куруу пландалууда.