25-февралда Талас облусунда мамлекеттик тил боюнча жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чара шаардагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте өтүп, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева эне тилдин өнүгүшүнө зор салымын кошкон инсандарга жана мекеме, уюмдардын өкүлдөрүнө атайын диплом, акчалай сыйлык тапшырды. I даражадагы сыйлыкка "Түндүк электр" ишканасынын Талас облусундагы филиалы жана облустук оорукана ээ болду. Ал эми II даражадагы сыйлыкка Талас усулдук борбору татыктуу болсо, III даражадагы сыйлыкты Талас ОИИБи ээледи. Аларды бул жетишкендиктери менен КРнын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын өкүлү Чолпон Түмөнбаева жана Республикалык "Кыргыз тили" коомунун президенти Райымжан Курбанов да куттуктап, ыраазычылык билдиришти.