27-февралда Нарын шаарында мэрияга караштуу коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу кеңешинин кезексиз жыйыны мекеме, ишкана жетекчилеринин катышуусу менен болуп өттү. Жыйында өлкөдө өткөрүлүп жаткан ар түрдүү нааразычылык акциялары тууралуу маселе каралды. Анын ичинде Нарын облусундагы саясий багыттагы жана турмуш-тиричилик маселелерине байланышкан митингдерди өткөрүүнүн тартиби тууралуу да юристтер тарабынан кеп-кеңештер берилди.