Бүгүн, 28-февралда Нарын облустук администрациясында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү боюнча штаб түзүлдү. Штабдын төрагасы болуп өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Эмил Алымкулов дайындалды. Ал аталган маселе боюнча ар бир департамент жана бөлүм башчыларына тапшырмаларды берди. Ошондой эле жыйында Нарын жана Ат-Башы райондорунда жазгы талаа иштери боюнча даярдыктар төмөн экендиги айтылды.