Быйыл Нарын облусу боюнча 41341 гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, 28926 гектар жерге дан эгиндери, 5811 гектарына жерге картошка, 511 гектарга жашылча түрлөрү жана 6465 гектарга тоют өсүмдүктөрү себилмекчи. 2012-жылга салыштырмалуу быйыл дан өсүмдүктөрүнүн аянты 530 гектарга азайып, тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын 3171 гектарга көбөйтүү болжолдонууда.