Кыргызстандын 3 шаарында шаардык кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда "Замандаш-Современник" партиясынын борбордук аппаратынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди. "Мыйзам боюнча, эгер шаарда эки жолу мэрди шайлоо болбой калса, аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти кайра шайлоо боюнча билдирүү берет жана БШК жаңы шайлоолорду дайындайт",- дейт ал. Айтымында, андай учурда аймактык шайлоо комиссиясы билдирүү бермейинче БШК кайрадан шайлоо өткөрүүнү белгилей албайт. Эскертип кетсек, буга чейинки мэр шайлоолордо Майлы-Суу, Көк-Жаңгак жана Ноокат шаарларынын башчылары шайланбай калган.