Парламенттин бүгүнкү, 28-февралдагы жыйынында “КРнын музейлери жана музей фонду жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралды. Анда эл өкүлдөрү өкмөткө "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин оңдоо ишин колго алуу тапшырмасын беришти. “Кыргызстанга келген чет элдик делегациялар бул комплекске барып, гүл коюшат. Бирок комплекстин абалы талапка жооп бербейт. Аны көргөн коноктор таң калып жатышат. Комплекстеги экспонаттар начар абалда. Жолдору бузулган, суусу ал тургай дааратканасы жок”,- деди депутат Асия Сасыкбаева.