ЖКнын бүгүнкү, 28-февралдагы жыйынында “КРнын музейлери жана музей фонду жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе талкууланды. Жыйын учурунда өлкөдөгү музейлердин жана тарыхый жайлардын абалы начар, алардын көпчүлүгү оңдоого муктаж экендиги тууралуу сөздөр айтылды. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди. Анын аткарылышы Тармактык комитеттин көзөмөлүндө болот.