Бүгүн, 28-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши аяктоо алдында турганы белгилүү болду. Мындай маалыматты сот ишине төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов билдирди. Анын айтымында, 1-март күнү “Охотник” жана “Патриот” деген каймана ат менен көрсөтмө берген акыркы күбөлөр суралат. “Жакынкы арада соттук жарыш сөз күнү белгиленет”,- деди Субанкулов.