Ош шаарында СССР убагында 72 бала бакча болсо, азыркы учурда алардын 31и эле калды. Мындай маалыматты 28-февралдагы ЖКнын жыйынында Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев билдирди. Анын айтымында, эгемендик алган жылдары көптөгөн бала бакчалар менчиктештирилип кеткен. “2012-жылы сот аркылуу 2 бала бакча мамлекетке кайтарылып алынган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 180 орундуу бала бакчалар курулду”,- деди ал.