Кыргызстанда 2012-жылы 48539 жаран фамилиясын алмаштырган. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 2011-жылга салыштырмалуу фамилиясын өзгөртүүнү каалагандардын саны 44 пайызга өскөн. Айта кетсек, 2011-жылы 33722 жаран фамилиясын өзгөрткөн.