2012-жылы Кыргызстанда 1003 бала багылып алынган. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган кызматтын маалыматына таянсак, бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 3,6 пайызга аздык кылат. Анткени 2011-жылы өлкөдө 1162 бала багылып алынган.