28-февралда ЖКнын жыйынында депутаттардын көпчүлүк добушу менен КРнын Ички иштер министрлигине Абдулда Суранчиевдин, вице-премьер-министрликке Шамиль Атахановдун, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Алиясбек Алымкуловдун талапкерлиги жактырылды. Жыйында бир катар депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылып, министрлерди тез-тезден алмаштыра бербөөгө чакырды. Анткени министрлердин улам алмаша берүүсү иштин натыйжалуулугун жоготот.
1. Абдулда Суранчиев
2. Шамиль Атаханов
3. Алиясбек Алымкулов