Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу 1-марттан 4-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Буга байланыштуу аталган аймактарда айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактап жол жүрүүнү ӨКМ эскертет .