Бишкекте депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча кезектеги соттук отурум башталды. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Адылбек Субанкулов 3-октябрдагы митинг тууралуу видеотасмаларды көрүү боюнча депутаттардын жактоочуларына жана мамлекеттик жактоочуларга кайрылды. Жактоочулар каршы болгонуна карабай, аталган күнкү видеону көрүү чечими кабыл алынды. Айта кетсек, кечээги соттук отурумда "Охотник" жана "Патриот" аттуу каймана ысымдар менен тергөөдө көрсөтмө берген күбөлөрдүн сотко чакыруу өтүнүчү айтылган.