Ысык-Көл. Каракол шаарында кайрымдуулук концерти болот

Бүгүн, 1-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайда кайрымдуулук концерти болот. Бул кече өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн демилгеси менен уюштурулууда. Концерт президенттик "Манас" камералык оркестри менен коштоло тургандыгын өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Концерттин катышуучулары үчүн жандуу музыка, чакан дасторкон, бий жана жарандык пикирлешүү уюштурулмакчы. Иш-чарага облустагы эмгектин ардагерлери, ардактуу эс алуудагы айымдар катышып, аларга белек тапшыруу аземи да болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан